Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пиязга рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) 2023-жылдын 31-январынан тартып 2023-жылдын 31-апрелине чейин үч айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.”;

2) жогоруда аталган токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:

– ушул токтом күчүнө кирген датадантартып үч календардык күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө кабарласын;

– ушул токтом күчүнө кирген датадантартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун
1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Show More
Back to top button