Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Контрафакттык агрохимикаттарды кантип аныктоо керек? – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Контрафакттык агрохимикаттарды кантип аныктоо керек?

Контрафакттык агрохимикаттар-стандарттуу эмес/контрафакттык/жалган маркаланган/бурмаланган органоминералдык жана минералдык жер семирткичтер.

Аларды колдонууда биринчи кезекте – Сиз айыл чарба өндүрүүчүсү жабыркайсыз, себеби, аны колдонууга кеткен чыгымдарыӊыз көбөйүп, жана ошондой эле өстүрүп жаткан айыл чарба өсүмдүгүӊүздүн түшүмү азаят.

Контрафакттык агрохимикаттарды кантип билебиз?

Агрохимикаттарды сатып ала турган жерлердин тизмесинен – базарларды, күркөлөрдү жана белгисиз адамдардан сатып алууну токтотуу керек. Артыкчылык, өндүрүүчүнүн расмий дилерлери болгон белгилүү агродүкөндөргө гана берилиши керек.

Агрохимикаттардын этикеткасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

  • өндүрүүчүнүн аталышы жана даректери;
  • активдүү заттын концентрациясы;
  • милилитр менен көлөмү же грамм менен салмагы;
  • жасалган датасы, жарактуулук мөөнөтү;
  • лот номери;
  • коркунуч классы;
  • ченемдик документацияга шилтеме, ага ылайык бул өлкөдө дары-дармекти өндүрүүгө уруксат берилет.

Контрафакттык агрохимикаттардан кантип сактануу керек?

Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Кыргызстандын аймагына кирген агрохимикаттар милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүшү керек.

Мамлекеттик каттодон өткөн агрохимикаттар (органоминералдык жер семирткичтер) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштырууу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан берилген Күбөлүккө ээ болушу керек.

Show More
Back to top button