Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ургалдуу багбанчылыкты кеңири пайжалануу боюнча окутуулар өтүп жатат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ургалдуу багбанчылыкты кеңири пайжалануу боюнча окутуулар өтүп жатат

2024-жылдын 22-апрелинен 26- апрелине чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жаңы технологияларды колдонуу менен ургалдуу багбанчылыкты жүргүзүү жаатында тажрыйба алмашуу боюнча семинарлар өткөрүлүүдө.

Семинарда академик Абдуллах Канкая баштаган Түркия Республикасынын дүйнөгө таанымал алдыңкы окумуштуулары , ошондой эле “in-vitro” ыкмасы менен кулпунайдын көчөттөрүн микроклоналдык көбөйтүү жолу боюнча лабороторияны куруу жана ишке киргизүү ишканасынын жетекчиси, агроном- окумуштуу Низам Чалышкан катышууда.

Академик Абдуллах Канкаянын сөзү семинардын катышуучуларына өтө кызыктуу болду. Ал өз сөзүндө жаңы, заманбап технологияларга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп кетти. «Модерн» технологиясы боюнча отургузулган көчөттөр бир жылдан кийин эле бир бактан 10 килограммдан түшүм берерин, бул технология боюнча 1 га 6 миң 500 даана көчөт отургузуу мүмкүнчүлүгүн эске алганда, 1 га жерден 1 жылдан кийин 65 тонна түшүм жыйнаса болорун баяндады.

Show More
Back to top button