Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстан Кытайга кайсы айыл чарба продукцияларын экспорттойт? – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстан Кытайга кайсы айыл чарба продукцияларын экспорттойт?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жана Ветеринардык кызматы Кыргызстандан Кытайга кандай айыл чарба продукцияларын экспортко чыгарса болоорун билдирет.
Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу продукциялар:
– Буудай уну;
– Алча;
– Коон;
– Жүгөрү;
– Жүзүм;
– Буурчак.
Мындан тышкары кытай рыногуна башка айыл чарба продукциясын чыгаруу үчүн КЭРнын Башкы бажы башкармалыгыны CIFER сайтына катталуу менен экспортко чыгарууга уруксат берилет. Ал үчүн төмөндөгү документтер керектелет:
– Департаменттин атына арыз (өтүнмө)
– Логин пароль ачуу
– Логин пароль менен керектүү документтерди киргизүү
– КЭР тарап уруксат бергенден кийин экспортко чыгара алат.
 Бүгүнкү күндө КЭРнын Башкы бажы башкармалыгынын сайтында ( http://dzs.customs.gov.cn/ ) Кыргызстандын 42 алча, 10 коон өстүрүлүүчү жана 12 жер-жемиштерди сактоочу жерлер реестрге киргизилген.
Эскерте кетчү нерсе, ар бир өсүмдүк продукциясынын тобокелдигине жараша кытай тараптын талаптары бирдей эмес. Өсүмдүктүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу менен бирге биринчи экспортко чыгарып жаткан өндүрүүчүлөрдүн продукциясын кытай тарап комплекстүү текшерүү жүргүзөт.
Ошондой эле, Кытайга төмөнкү багыттар боюнча мал чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, сатуу менен алектенген Кыргызстандын 26 ишканасы экспорттоого укуктуу:
1. Сүт азыктарын өндүрүү боюнча -13 ишкана;
“Ак сүт”, “Ак жалга”, “Урсус”, “Сүт булак”, “Шин Лайн”, “Эмилия”, “Талас Даамы”, “Арашан”, “Ат-Башы-Сүт”, “Клименко Д.А”, “Клевцов А.В”, “Ак-Булак плюс”, “Май-Булак Каракол”.
2. Аарычылык продукциясы боюнча – 11 ишкна;
“Дары Тянь-Шаня”, “Тутар Инвест”, “Жарык Кап”, ЧП Галиев Асхат Абдуллаевич, “Компания Медовая Аретль”, “Балаары”, “Ди Дар Групп”, “Вечный Шелковый Путь”, “Международная Инвестиционная компания “Шеньчжень Новый Шелковый Путь” – “Центральная Азия”; “Аман Гринфуд”, “Бизнес Лайк”
3. Терилерди кайра иштетүү боюнча – 1
Учурда Кытай аймагына экспорттук потенциалды жогорулатуу максатында Ветеринария кызматы тарабынан ири мүйүздүү бодо малдын, койдун жана эчкинин терисин, жуулган жүн жана майда малдын кашемири, термикалык иштетүүдөн өткөн бодо малдын эти жана субпродуктулары, канаттуулардын эти жана субпродуктулары, балык жана балык азыктарын (радужная форель) экспорттоо боюнча протоколдун долбоору кытай тарапка макулдашууга жөнөтүлгөн.
Эскерте кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынан мал чарба продукциясын КЭРдин аймагына экспорттоону ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй уруксат берүүчү документтер зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору тарабынан берилген ташып чыгууга уруксат кагазы.
2. Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк объекттеринин Реестринде өндүрүүчүнүн ишканасынын болушу.
3. КЭРдин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген ташып келүүгө уруксат кагазы.
4. КЭРге импорттоо үчүн уруксат берилген ишканалардын Реестринде Кыргыз Республикасынын өндүрүүчү ишканасынын болушу.

Show More
Back to top button