Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
30-апрель жана 1, 2-май күндөрү айыл чарба жарманкелери өтөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

30-апрель жана 1, 2-май күндөрү айыл чарба жарманкелери өтөт

Урматтуу Бишкек шаарынын жашоочулары жана коноктору, 2024-жылдын 30 – апрель жана 1,2-май күндөрү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте “Жаз 2024” жарманкесин уюштурат.

Айыл чарба жарманкелерде эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча жемиштер, кум шекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болот.

Шаардын жашоочуларын социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу максатында айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнүн ортомчусу жок түздөн түз продукциялары жарманкеге коюлат. Демек товарлардын баарын дүң баада болот.

Дареги: Разаков көчөсү (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши)

Show More
Back to top button