Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынган продукцияны экспорттоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынган продукцияны экспорттоо

Карантинге алынган продукцияны экспорттоо:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 2023-жылдын 20-26-январына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 15 миң 260 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Ушул жумада, Кыргыз Республикасынын экспортоонун негизги көлөмү Чүй областынын карантинге алынган продукталарына туура келип 8 миң 235 тоннаны түздү. Анын ичинен: жашылчалар (2357 тонна), жемиштер (1079 тонна),  жаңгактар (2595 тонна) Россия жана Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолду.

Show More
Back to top button