Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү

2021-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өткөрүлдү.

Коллегияга Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри А.Джаныбеков, Айыл чарба комплексин, экология жана аймактарды өнуктүрүү  бөлүмүнүн башчысы А.Кулуев,коллегиянын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, бөлүм башчылар жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Кезектеги коллегияда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдын жыйынтыгы жана 2021-жылга карата милдеттери, министрликтин 2021-жылга карата

Иш-планын бекитүү ошондой эле министрликтин коллегиясынын

2021-жылга карата Иш-планын бекитүү боюнча маселелер каралды.

 Коллегиянын жүрүшүндө министрликтин алдындагы айрым агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларынын аткарган иштери канаттандырарлык эмес деген баа берилип, аларга эскертүү берилди.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги төмөндөгүдөй багыттагы иштерди алдыга жылдырууну пландоодо:

– 2021-жыл ичинде ирригациялык каналдардын курулушу, аларды реконструкциялоо иштерин алдыга жылдыруу

– Асыл тукум мал чарбаларын кайрадан аттестациядан өткөрүү жана сандан сапатка өткөрүү

– Чектеш райондордогу жайыт жерлерин пайдалануудан келип чыккан маселелерди жөнгө салуу жана жайыттарды туура пайдалануу

– Республикадагы айдоо аянттардын топурактын асылдуулугун анализдөө иштерин жүргүзүү

– Мөңгулөрдү сактап калуу максатында айлана чөйрөнү жашылдандыруу иш аракеттерди жүргүзүу

– Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу

– Дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу максатында өсүмдүктөрдүн сапаттуу үрөнүн өндүрүү ж,б.

Коллегиянын жыйынтыгында министрликтин 2021-жылдагы иш планы жана коллегияда каралуучу маселелердин тизмеси бекитилди. Ошондой эле квартал сайын жетекчилердин ишин баалоо боюнча маселелер талкууланды.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button