Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын ийгиликтүү ɵткɵрүү, айлана – чɵйрɵнү жакшыртуу жана токойлорду  азыркы жана келечек муундар үчүн сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин алдын алуу жана жашыл бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 89-р тескемеси чыкты, ага ылайык министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администртивдик ведомстволорго, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана шаарлардын мэрияларына конкреттүү тапшырмалар берилген.

2023-жылдын 13-апрелинде Чүй токой-анчылык чарбасынын Токмок токойчулугунун Ак-Бешим участкасында өкүлдөрдүн катышуусунда 3 га аянтка 1000 түп алма көчөттөрүн отургузуу акциясы өткөрүлдү. Бул акцияга аталган токой-анчылык чарбасынын кызматкерлери, Кыргызстан аялдар Кенешинин мүчɵлɵрү, Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери жана окутуучулары катышты.
2023-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын жана “ДосКредо Банктын” кызматкерлеринин катышуусунда Фрунзе токой чарбасынын Боз-Бөлтөк участкасында  5 гектар аянтка 3000 түп мистенин көчөттөрүн отургузуу боюнча акция өткөрүлдү.
“Студенттер жашыл экономика үчүн” жаштар бирикмесинин демилгеси менен токой чарба кызматкерлеринин катышуусунда республиканын бардык аймактарында бак-дарак көчөттөрүн отургузуу акциялары өткөрүлдү. Жалпысынан 13 850 түп көчөт отургузулду, анын ичинен аймактар ​​боюнча: Баткен облусунда – 500 даана, Ош облусунда – 3 000 даана, Жалал-Абад облусунда – 1 300, Чүй облусунда -    1 500 даана, Талас облусунда – 1 550 даана, Ысык-Кɵл облусунда – 1 000 даана жана Нарын облусунда – 5 000 даана. 
Нарын шаарынын мэриясынын демилгеси менен М.Сыдыков атындагы паркты реконструкциялоодо шаардык мекеме-ишканалардын катышуусунда 500 түп көчөт отургузулду.
Каракол токой чарбасынын кызматкерлери Жыргалаң токойчулугунда Ак-Суу районунун акими баш болгон райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлеринин, райондун мекеме ишканаларынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин катышуусунда 2,7 га аянтка 3000 түп теректин көчөттөрүн отургузуу иш-чарасын өткөрдү.
Арстанбап Ата токой чарбасында 4 га аянт жерге жангак кɵчɵттɵрү отургузулду. Аталган иш-чарага Жалал-Абад аймактык ɵкүлчүлүгү жана токойду коргоо жана сактоо станциясынын кызматкерлери катышты.
Ат-Баши токой чарбасынын кызматкерлери Босого токойчулугунда Чалкан участкасында Кыргызстан аялдар Кенешинин ɵкүлдɵрүнүн, Ат-Баши райондук мамлекеттик администрациясынын, райондун мекеме ишканаларынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин катышуусунда 3 га аянтка 230 түп кара карагай (лиственница) жана 470  түп тянь-шань карагайынын көчөттөрүн отургузуу иш-чарасын өткөрдү.

2023-жылдын 29-апрелинде “Кумтɵр Голд компани” ААКнун колдоосу менен Жети-ɵгүз токой чарбасынын Кызыл-Суу токойчулугунун Борду участкасында 8 гектар аянтка 6800 даана тян-шань карагайынын көчөттөрүн отургузуу акциясы ɵттү. Аталган акцияга  Жети-ɵгүз районунун мамлекеттик администрациясынын, райондук мекемелеринин кызматкерлери, Каракол шаарынын К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик жогорку окуу жайынын студенттери жана окутутчулары, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын, Жети-ɵгүз токой чарбасынын кызматкерлери жана  “Кумтɵр Голд компани” ААКнын ɵкүлдɵрү катышты.

Ысык-Кɵл токой чарбасы жергиликтүү  райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте 2023-жылдын 29-апрелинде Чон Аксуу капчыгайынын 18 кварталында жалпы аянты 4,0 га жерге 1500 даана кызыл карагай жана 2500 даана тянь-шань карагайынын кɵчɵттɵрүн отургузду. Кɵчɵт отургузууда токой чарба кызматкерлери, Ысык-Кɵл мамлекеттик райондук администрациясынын жана аймака тийешелуу айыл ɵкмɵттүн кызматкерлери, жалпысынан 50 адам катышты.

Ак-Талаа токой чарбасы жергиликтүү  райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте 2023-жылдын 29-апрелинде Ак-Тал токойчулугунун Нарын арык учатогуна жалпы аянты 10,0 га жерге 5000 даана жийде жана 6000 даана кара жыгач кɵчɵттɵрүн отургузду. Кɵчɵт отургузууда Ак-Талаа токой чарба кызматкерлери, Ысык-Кɵл мамлекеттик райондук администрациясынын жана А. Турдакунов атындагы орто мектебинин окучулары, мугалимдери, жалпысынан 60 адам катышты.

2023-жылдын 6-майында Чүй токой-анчылык чарбасынын Кегети токой бɵлүмүндɵ ийне жалбырактуу дарактардын кɵчɵттɵрүн отургузуу акциясы ɵткɵрүлдү. Акцияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин  жана “Студенттер жашыл экономика үчүн” жаштар бирикмесинин ɵкүлдɵрү катышып, 1500 даана ийне жалбырактуу дарактардын кɵчɵттɵрү отургузулду.

2023-жылдын 31-майга карата республика боюнча токой чарбалары тарабынан 2102 га аянт жерге экме токойлор отургузулду.

Токой чарбалары калктуу конуштарга жашылдандырууга отургузуу үчүн 521 619 даана кɵчɵт материалдарын сатышты, анын ичинде шаарларга – 6 402 даана, айыл өкмөттөрүнө – 105 466 даана, юридикалык жактарга – 119 081 даана, жеке жактарга - 290 670 даана.

Учурда “Жашыл мурас” улуттук кампаниянын алкагында бак-дарактардын кɵчɵттɵрүн отургузуу акциялары республикабыздын түндүк региондордорунда улантылууда.

Show More
Back to top button