Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри А.С.Жаныбеков Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын концепциясы боюнча темада ЖМКнын өкүлдөрүнө презентациясын баяндады.

Презентацияда министр айыл чарбасында  аныкталган эң негизги преоритетерге токтолду:

 1) Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу

 2) Органикалык айыл чарба тармагын өнүктүрүү

3) Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине көнүү

4) Экономиканын класстердик өнүгүүсү

 5) Айыл чарбасын санариптештирүү

 6) Жаңы сатуу базарларын өнүктүрүү

Мындан сырткары азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында министрлик Өзбекстан, Казакстан, Россиядан түшүмдүүлүгү жогору болгон, сапаттуу өсүмдүктөрдүн үрөнү алып келүү иштери ыкчам жүрүп жатканына токтолду.

Ошондой эле быйыл кум шекердин жана өсүмдүк майынын түшүмдүүлүгүн көбөйтүү максатында айдап, себүү аянттары көбөйтүлөрүн айтты. Мисалы, кант кызылчасы 2020-жылы 8400 га айдалса, 2021-жылы 12000 га аянтка айдап себилери пландалууда. Ал эми өсүмдүк майы 2020-жылы 19600га жер аянтка себилсе, быйыл 2021-жылы 20000 га жер аянтка айдап себүү пландалууда, -деди министр.

Презентациядан кийин маалымат жыйыны болуп, анда журналисттердин суроолоруна жеткиликтүү жоопторду берди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button