Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Дыйкандарга гидропоникалык тоют өндүрүү сунушталат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Дыйкандарга гидропоникалык тоют өндүрүү сунушталат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти фермерлерге жана айыл тургундарына тоюттандыруунун жаңы прогрессивдүү – гидропоника ыкмасын сунуштайт.

Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык жана суунун тартыштыгы тоют өндүрүүгө терс таасирин тийгизүүдө. Бирок климаттын мындай өзгөрүшү гидропоникалык тоют өндүрүүгө таасирин тийгизбейт.

Гидропоникалык тоютту теплицада же көлөкөлүү тордо кыска мөөнөттө буудай , арпа , сулу, жүгөрүнүн үрөндөрүнөн болжол менен 7-10 күнгө чейин, жүгөрү болсо 14 күнгө чейин өстүрүп, жогорку түшүмдүү тоют алууга болот.

Бул ыкма тоюттун өздүк наркын төмөндөтүп, малдын тоютунун сапатын жана аш болумдуулугун жогорулатат, протеинге жана витаминдерге (А, Е, С) бай, сүт өндүрүүну 13 пайызга жогорулатат. Кадимки талаа шартында арпа менен бедеден бир килограмм жашыл тоют алуу учун 73-85 литр суу керектелсе 1 кг гидропоникалык тоют даярдоого 1,5—2 литр гана суу жетет.

Show More
Back to top button