Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген балыктар үчүн жем артка кайтарылды

Ветеринардык кызматтын “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Россия Федерациясынан Кыргызстандын аймагына 22 миң 500 кг өлчөмүндө балыктар үчүн жем мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россия Федерациясына артка кайтарылды.

Show More
Back to top button