Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстандын төрт районунда токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы долбоору боюнча маалыматтык кампания өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстандын төрт районунда токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы долбоору боюнча маалыматтык кампания өттү

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын, БУУнун  Азык-түлүк жана айыл чарба  уюмунун (ФАО), Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү  жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС), Россия-Кыргыз өнүгүү фондусунун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ Ак-Талаа, Сузак, Тогуз-Торо жана Өзгөн (Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустары) райондорунун тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, долбоор алкагында максаттуу райондордо жаңы токой экосистемаларын түзүү жана калыбына келтирүү, жайыттардын деградациясын азайтуу, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, жашыл инвестицияларды тартуу аркылуу калктын социалдык, экономикалык жана экологиялык маселелерин чечүү боюнча маалымат берди.

Аталган райондор климаттык сезгич зоналарда жайгашып, климаттык коркунучтарга дуушар болуп келишет. Бул аймактарда акыркы 27 жылдын ичинде орточо жылдык температура 1,5°C же андан ашык көрсөткүчкө жогорулаган.

“Кыргызстан Париж келишимине кошулуп, өзүнө алган милдеттерине ылайык атмосферанын температурасынын жогорулашын 1,5°C чейин ашырбоосу зарыл. Жыл сайын биздин өлкөдө 15 млн тонна көмүр кычкыл газы бөлүнүн чыгат. Азыркы учурда токойлор 11 млн тоннаны гана сиңирип алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошол себептен биз жакынкы жылдары ашып калган 4 млн көмүр кычкыл газын секвестрациялоого мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек», – деп маалымдады Токой кызматынын директорунун орун басары Бактыбек Ырсалиев.

“Акыркы 150 жылда жердин климаты кескин өзгөрүп, дүйнө коомчулугу климаттын өзгөрүшүн глобалдуу жана эң олуттуу көйгөй катарында эсептейт. Климаттын өзгөрүүсүнүн негизги себеби болуп – адамдардын чарбалык иш-аракеттери саналат. Көмүр, мунай жана газды жылытууга пайдалануудан келип чыккан парник газдары жерди курчап, күндүн ысыгын кармап, абанын температурасын жогорулатат. Кыргызстанда акыркы 40 жылда абанын жылдык орточо температурасы 0,8°C жогорулаган. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктардын саны да өсүүдө. Акыркы 10 жылда өзгөчө кырдаалдардын саны 2097 жолу катталып, мурунку 15 жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөн”, – деп билдирди долбоордун климаттын өзгөрүүсү жана экосистемалар боюнча адиси Венера Сураппаева.

Климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы долбоору, жогоруда аталган коркунучтардын деңгээлин төмөндөтүү үчүн парник газдарынын абага чыгуусун азайтууга багытталган иш-аракеттерди аткарууну көздөйт.

“Долбоордогу белгиленген иш чаралар 2030-жылга чейин уланып, 3 багытта жүргүзүлөт. Алар: табигый ресурстарды далилдүү башкарууну күчөтүү, токойлорду, жайыттарды калыбына келтирүү үчүн жашыл инвестицияларды тартуу жана климатка сезгич нарк чынжырларын өнүктүрүү”,- деп долбоордун Улуттук координатору Урманбетова Гүлмира белгиледи.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында 6000 га жер аянтында токой тилкелери түзүлүп, калыбына келтирилет. Бүгүнкү күндө көмүр кычкыл газын абадан тазалоону токойлорду көбөйтүү жана жайыттарды туруктуу пайдалануу аркылуу гана аткарса болот. Андыктан максаттуу райондордогу токой чарбаларда жана айыл өкмөттөрүнүн жерлеринде 3500 га аянтта өзгөчө Тянь-Шань карагайынын, грек жаңгагынын, теректин жана башка эндемикалык дарактартын көчөттөрү отургузулуп уруктуары себилет. Ал эми 2500 га аянтта табигый токойлордун калыптануусуна көмөктөшүү иш-чаралары жүргүзүлөт,» – деп белгиледи Канатбек Жантаев, долбоордун токой чарбасы боюнча эксперти.

Мындан тышкары пилоттук райондордун тургундарына жеңилдетилген насыялар берилип, жашыл долбоорлорду ишке ашырууга бизнес пландарды сапаттуу даярдоону окутуу боюнча семинар, тренингдер уюштурулат.

Долбоор Бириккен Улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине карашту Токой кызматы, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС), Россия-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан ишке ашырылат.

Show More
Back to top button