Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Сузакта оорукананын жер тилкеси жеке менчикке берилип кеткен. Материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди      – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Сузакта оорукананын жер тилкеси жеке менчикке берилип кеткен. Материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди     

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Жалал-Абад облусундагы С.Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасына пландуу текшерүү жүргүзүлүп, оорукананын жер тилкелсине үстөк жайгашып, жеке менчикке берилип кеткендиги жана ооруканага бөлүнгөн жер тилкеси бүгүнкү күндөгү мамлекеттик актысы менен айырмачылыгы бар экендиги аныкталган.

Ооруканага тиешелүү жер тилкенин ичинен коммерциялык багытта 5 жаранга жеке менчикке берилгендиги белгилүү болгон.

Учурда оорукананын аймагында курулуп жаткан курулуш долбоор (проект) боюнча жеке менчикке үстөк болуп берилген жарандардын жер тилкесинин ордуна курулуусу керек. Бирок, бүгүнкү күндө эки тараптын тең, күчүндө турган мамлекеттик актысы болгондуктан, курулуш иштери токтоп турат. Аталган факты боюнча материалдар Сузак райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Show More
Back to top button