Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо жана реабилитациялоо иштери башталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо жана реабилитациялоо иштери башталды

Азыркы учурда суу ресурстары кызматы тарабынан Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо жана реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Кара-Үңкүр-Сай дарыясындагы башкы суу топтоочу курулма 1954-жылы курулган. Кара-Үңкүр-Сай дарыясындагы башкы суу алуучу курулма Жалал-Абад БСЧБнын балансында турат.

Узакка созулган эксплуатациялоонун натыйжасында мамлекеттик бюджеттен жетиштүү акча каражатынын жоктугунан жана оңдоо иштеринин өз убагында жүргүзүлбөгөнүнөн улам (Башкы суу-чарба курулмалары) БСКнын абалы канааттандыраарлык эмес жана капиталдык оңдоого муктаж болуп калган. Ошондой эле жыл сайын курулма аркылуу күчтүү суу ташкыны өтүп, анын натыйжасында 2017-жылдын май айында агымы 420 м3/сек ашкан селдин агымы менен реактивдүү багыттагы плотиналар жарым-жартылай талкаланган, бул плотинанын түбүн калыбына келтирүү боюнча иштердин көлөмүн көбөйткөн. Бетон дамбалардын төмөнкү бөлүгүндө катуу эрозия байкалган. Башкы суу чарба курулушунун төмөнкү бефинин босоголору эрозияга учурап, босогодон ары каналдар түшүрүлдү.

Катастрофалык таштанды каналында жантайыңкы жана түбүндөгү таш бекиткичтер талкаланган. Таштанды камерасында камеранын түбүндөгү бетон талкаланган. Ошондой эле башкы суу чарба курулмасынын плотинасынын жанындагы эксплуатациялык участокто жайгашкан диспетчердик пункттун имаратын оңдоо талап кылынган.

Ушуга байланыштуу модернизациялоо жана реабилитациялоо үчүн Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасы тандалып алынган. Каржылоо АӨБ эсебинен жүзөгө ашырылат.Модернизациялоо жана реабилитациялоо объектиси Бишкектен 530 км алыстыкта жайгашкан жана деңиз деңгээлинен 830 метрден 690 метрге чейинки бийиктиктерге ээ.

2021-2022-жылдар мезгилинде инженердик талаа иштери, топографиялык, гидрологиялык жана геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, долбоордук-сметалык документтер даярдалган. Кара-Үңкүр-Сай дарыясындагы суу топтоочу башкы курулманы модернизациялоо жана реабилитациялоо боюнча курулуш иштери түздөн-түз 2022-жылдын аягында башталган, азыркы мезгилге карата алар иштердин жалпы наркынын 70,5% аткарылган. Курулуш иштери жумуштарды аткаруунун календардык графигин сактоо менен жүргүзүлөт.

Кара-Үңкүр-Сай системасын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иштердин башкы максаты ирригациялык инфраструктура үчүн олуттуу коркунучтарды азайтуу жана сел агымдарынан, суу ташкындарынан, жер көчкүлөрдөн келип чыккан табигый кырсыктардан улам келип чыккан Кыргызстандын айыл чарбасындагы жоготууларды азайтуу болуп саналат.

Show More
Back to top button