Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Сокулук районунда булгары заводу жана бут кийим фабрикасы курулат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Сокулук районунда булгары заводу жана бут кийим фабрикасы курулат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагында министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана тишелүү министрликтердин жетекчилери, мамлекеттик жергиликтүү органдардын башчылары менен бодо малдын терисин кайра иштетүү заводун жана бут кийим фабрикасын куруу маселесин талкуулаган көчмө жыйын өткөздү.


Натыйжада, терини кайра иштеткен заводду куруу, компанияларды жайгаштыруу боюнча жер аныкталып, жерди трансформация кылуу, суу, электр энергиясын киргизүү, саркынды сууларды чыпкалап-тазалоочу курулмаларын куруу, жол салуу боюнча, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.


Жер участогунун болжолдуу өлчөмү 20 гектарды түзөт. Анын ичинде өндүрүштүк кластер үчүн – 9 гектар, бут кийим фабрикасын куруу үчүн 1 гектар бөлүнөт.


Жаңы курула турган булгаары завод күнүнө 15 тонна, жылына 4,000 тонна терини кайра иштетүүгө, бут кийим фабрикасы күнүнө 1,000 жуп бут кийим чыгарууга жөндөмдүү болуп, 130 жумуш орунун камсыз кылат.
Мындай заманбап технология менен курула турган терини кайра иштетүүчү булгары завод, бут кийим фабрикасы Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүзөгө ашырылып жатат.

Show More
Back to top button