![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/169548655_542716660417391_4124023919545100456_n.jpg)
2021-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, эт багытындагы, ошондой эле, асыл тукум мал жандыктарын асылдандыруу менен пилоттук аянчаларды ишке киргизүү жана Венгриянын экспорттук-импорттук банкынын каржылоосу менен мал жандыктарын тоют менен камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарап мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдиришти.