Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктарга кайрылат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктарга кайрылат

Кыргызстанды жашылдандыралы!

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктарга кайрылат

Урматтуу Мекендештер! “Тамыры жок бак, тарыхы жок эл болбойт” дегендей, ата-бабаларыбыз байыртадан жаратылыш менен тыгыз байланышып, барктап, сыйлап жашоо турмушун улантып келишкен. Кыргыздардын улуу муундары, жаштарга жаратылыш  аркылуу  кайрымдуулукка,  боорукерликке,  ыймандуулукка  өз чөйрөсүндөгү  көркөмдүктү сезе билүүгө жана  эмгекке тарбиялого үйрөтүп, табиятка аяр мамиле жасоону айтып келген.

“Элүү жылда эл, жүз жылда жер жаңы” дегендей, акыркы убактарда дүйнө жүзүндө глобалдык климаттык өзгөрүүлөр болуп, жаратылыш кырсыктарынан экология жабыркап жатат. Мындай учурлар Кыргызстанда дагы кездешүүдө.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, айлана чөйрөнү жашылдандыруу менен экологияны коргоо максатында бардык кыргызстандыктарды “Бир жарандан бир көчөт” аттуу чакырык менен республиканын жарандарын жер-жерлерде аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жигердүү катышууга үндөйт.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button