Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«Алтын күз» айыл чарба көргөзмө-жарманкесинин экинчи күнү уланууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Алтын күз» айыл чарба көргөзмө-жарманкесинин экинчи күнү уланууда

Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарындагы Т.Усубалиев атындагы эски аянтта Республикалык «АгроТехЭкспо-2024» агроөнөржай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба азыктарынын жарманкесинин экинчи күнү уланууда.


Көргөзмө-жарманкеде дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, асыл-тукум малдары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлүүдө.


Белгилей кетсек, аталган иш-чарада шаар тургундары дыйкандардан ортомчусуз айыл чарба продукцияларын арзан баада сатып алса болот.

Show More
Back to top button