Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада экспорттун көлөмү 6 миң 245 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада экспорттун көлөмү 6 миң 245 тоннаны түздү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 11-17-августуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 6 миң 245 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 4 миң 209 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 539 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан башка продукцияларга салыштырмалуу 988 тонна жашылча Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Ош облусунан 1 миң 142 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 75 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан 379 тонна жемиш Россия өлкөсүнө экспорттолгон.

3. Баткен облусунан 373 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 15 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан 151 тонна сарысак, 67 тонна картошка Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

4. Талас облусунан 304 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 52 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан 130 тонна буурчак өсүмдүктөрү Индия, Грузия, Пакистан өлкөлөрүнө, 19 тонна картошка Пакистан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

5. Жалал-Абад облусунан 114,4 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 11 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан 42 тонна грек жаңгагы Румыния, Грузия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 102 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 10 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан 55 тонна сарымсак Казакстан, 45 тонна абрикос Казакстан, Россия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button