Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр А. Джаныбеков Венгриялык делегация менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министр А. Джаныбеков Венгриялык делегация менен жолукту

2023-жылдын 5-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А. Джаныбеков Венгрия мамлекетинин Айыл чарба министри Д-р Надь Иштван баштаган венгриялык делегация менен жолукту.

Министр А. Джаныбеков агрардык тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы максаттарга жетүү үчүн эки өлкө ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле үрөнчүлүк, асыл тукум мал чарбасы, суу ресурстары жана айыл чарба тармагында тажрыйба жана билим алмашуу маселелерин талкуулашты.

Венгрия тарап жүгөрүнүн гибриддерин, расмий сыноолорду өткөрүү жаатында кызматташуунун бир нече варианттарын сунуштады. Ошондой эле, Кыргызстанга жүгөрүнүн үрөнүн бере турган венгриялык компанияларга бир нече талапкер сунушталды. Мындан сырткары, сугаруунун жаңы венгриялык технологиясы көрсөтүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында жогоруда айтылган идеяларды ишке ашыруу боюнча макулдашылды.

Show More
Back to top button