Маанилүү жаңылыктар

Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Бажы бирлигинин «Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 034/2013) техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иш жүрүп жатканын билдирет. №2 өзгөртүү долбоорунун биринчи редакциясы боюнча   сын-пикирлердин жана сунуштардын  жыйынды таблицасы менен  төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот (ББ ТР 034/2013 өзгөртүүлөр долбоорунун толук тексти менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот: file:///C:/Users/user/Downloads/16-1638%20от%2024.07.23г.%20ЕЭК%20(1)%20(1).pdf)

№2 өзгөртүү долбоорлорунун биринчи редакциясы боюнча  сын-пикирлерди жана сунуштарды жумушчу топ 2023-жылдын 8-сентябрында боло турган отурумунда видеоконференция аркылуу карап чыгууну пландаштырууда.

Мындан тышкары, отурумда төмөнкү маселелерди кароо пландаштырылып жатат:

– кулинардык муздатылган эт (этти камтыган) азыктарын колдонууга чыгаруу боюнча  ББ ТР 034/2013 айрым талаптарын;

-тамак аш желатини үчүн  ББ ТР 034/2013 “ичеги таякчасы тобунун бактериялары (колиформалар)” индикаторунун коопсуздук стандарттарын.

Ушуга байланыштуу, Министрлик эт азыктарын өндүрүүчүлөрдөн ББ ТР 034/2013 өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду талкуулоого активдүү катышууну, ошондой эле №2 өзгөртүү долбоору боюнча  сын-пикирлерди жана сунуштарды, ошондой эле  катышууга талапкерлерди                    upol.islamkyzy@ mail.ru электрондук дарегине кайталоо менен Министрликтин дарегине жөнөтүүнү өтүнөт. (Жооптуу кызматкер – Ислам кызы Үпөл, телефон +996 (312) 62 36 99).

Show More
Back to top button