Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жалал-Абад облусунда зыянкеч чегирткелердин чыгышы катталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жалал-Абад облусунда зыянкеч чегирткелердин чыгышы катталды

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад башкармалыгынын адистери тарабынан пландык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округунун Узун-Колот жайытында зыянкеч чегирткелердин чыгышы катталды. Зыянкеч чегирткелер жалпы 140 гектарда табылып, алардын 1 м2тагы саны 7-10 экземплярды түздү.

Бүгүнкү күндө Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад, Ош жана Баткен башкармалыктарынын адистери тарабынан зыянкеч чегирткелердин очокторун өз убагында табуу жана аларга каршы күрөшүү чараларын өз убагында жүргүзүү максатында, пландык кеңири масштабдуу изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Изилдөө иштери биринчи кезекте зыянкеч чегирткелердин мурда чыгып келген ареалдарында жүргүзүлүүдө.

Зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өз убагында жана ыкчам жүргүзүү үчүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери, атайын техникалары, ГСМ жана пестициддер даяр.
Эскерте кетсек, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан жыл сайын жүргүзүлүп жаткан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери – чегирткелердин айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана жайыттарга зыян келтирүүсүн алдын алат.
 
Маалымат үчүн. Кыргызстанда зыянкеч чегирткелер жыл сайын айыл чарбасына жана жалпы экономикага зыян келтирүүдө потенциалдуу коркунуч туудурат, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна коркунуч жаратып келет.
Республикабызда үйүрлүү (тобу менен жүргөн) чегирткелердин ичинен марокко чегирткеси (лат. Dociostaurus maroccanus) жана италия чегирткеси (лат. Calliptamus italicus) деген эки түрү кездешет. Аталган эки түр башка чегирткелерден төмөнкү белгилер менен айырмаланат:
– үйүрлөрдү түзүп өтө чоң аянттарга таркалып, айыл чарбасына олуттуу зыян келтирет;
– алыс аралыкка учушат (1 күндө 100 км аралыкты учуп өтүүгө жөндөмдүү);
– өтө сугалак (салыштырмалуу 500 миң чегиртке бир күндө 2500 адамдын тамагын жейт) жана төлчүл (бир ургаачы чегиртке 40-80 жумуртка таштайт).
Кыргызстанда чегирткелердин негизги очокторунун айыл чарба өсүмдүктөрүнө, жайыттарга жана калктуу пункттарга жакындыгы, алардын очокторунун татаал тоо рельефинде жана көптөгөн участоктордун кыйынчылык менен жетчүү жайларда жайгашкандыгы – чегирткеге каршы күрөшүү иш-чараларын жүргүзүүнү татаалдантат жана кошумча кыйынчылыктарды жаратат.

Show More
Back to top button