Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти административдик кызмат орундарга конкурс жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти административдик кызмат орундарга конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти административдик кызмат орундарынын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт.


Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3 марты №120 Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
— Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Тревест, Траст, «Токтом Мамлекет Про»маалыматтык-укуктук системасы).
Жөндөмдүүлүктөр:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, иш-чаралардын пландарын түзүү;
— жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана адамдар аралык баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;
— оор кырдаалда чечим кабыл алуу жана кабыл алган чечимдерге жооп берүү;
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, тиешелүү тармактык аналитикалык документтерди даярдоо жана аны практикада колдонууну;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— кызматкерлердин алдында так аныкталган милдеттерди коюу жана алардын ишине объективдүү баа берүү;
— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.

 Тармактык багыттагы административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
адам ресурстарын башкаруу
1. Кесиптик билим деңгээли:
жогорку юридикалык, экономикалык, гуманитардык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
иш стажына талапсыз.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
— 2022-жылдын 02 февралындагы № 24 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо;
— 2022-жылдын 02 февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;
— 2017-жылдын 31 январындагы № 17 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө жобо;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди (скорошивательде)
тапшыруу керек:
— форма боюнча жеке арыз;
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— форма боюнча резюмеси(сүрөтү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Конкурска катышкан адамдар кошумча сунуш каттарды берсе болот.


Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2023-жылдын 14-апрелинен 2023-жылдын 24-апрелине чейин.
Сынакка катышуу үчүн документтер Чүй проспекти 315, 907 кабинет дареги боюнча кабыл алынат (укук, персоналды башкаруу жана маалыматтык технологиялар сектору), телефон аркылуу маалыматтар: 65 52 44
Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Show More
Back to top button