Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрлер Кабинетинде азык-түлүк коопсуздугу маселелери талкууланды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министрлер Кабинетинде азык-түлүк коопсуздугу маселелери талкууланды

Бүгүн, 19-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө казак унунун баасынын жогорулашы боюнча маселелер талкууланды.

МинКаб төрагасынын орун басары тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуп, учурда республикада буудайдын тартыштыгы жок экенин, баанын өсүшү Казакстан Республикасынан келген унга карата гана байкалаарын белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстанда казак унунун кымбатташынын негизги себеби Казакстан Республикасынан Кыргызстанга дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдордун сезондук тыгыны экендиги белгиленди.

“Эгерде буудайдын чыныгы тартыштыгы менен байланыштуу экенин байкасак, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканалары үчүн керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик материалдык резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Жыйындын соңунда МинКаб төрагасынын орун басары сезондук айыл чарба жарманкелерин өткөрүү, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Ун чыгаруучу ассоциациясына Кыргыз Республикасынын аймагын азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн буудайга арыздарды тез арада тапшырууну тапшырды.

Show More
Back to top button