Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин 2022-жылдын 21-27 октябрына карата республиканын чек арасында жана аймагында жүргүзүлгөн карантинге алынган айыл чарба өндүрүмүнүн экспорту боюнча жумалык маалыматы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарӨсүмдүктөрдүн карантини департаментиХимиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаментинин

Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин 2022-жылдын 21-27 октябрына карата республиканын чек арасында жана аймагында жүргүзүлгөн карантинге алынган айыл чарба өндүрүмүнүн экспорту боюнча жумалык маалыматы

Карантинге алынган продукцияны экспорттоо:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 2022-жылдын 21-27 октябрына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 14 миң 629 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Ушул жумада, Кыргыз Республикасынын ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту -14 миң 629 тоннаны, импорту – 13 миң 128 тоннаны түзгөн.

Импорттук көлөмгө салыштырмалуу, экспорттук көлөм 1 миң 501 тоннага көп болгон.

Кыргыз Республикасынын карантинге алынган продукциянын экспортунун негизги көлөмүн Баткен областынын карантиге алынган продукталарына туура келип, 5 миң 255 тоннаны түздү. Анын ичинен: жүгөрү 3 миң 798 тонна, картошка 1 миң 351 тонна Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолду.

Андан соң экспорттук көлөмү боюнча Чүй областы 4 миң 385 тонна карантинге алынган продуктылар экспорттолду. Анын ичинен жашылчалар 1 миң 236 тонна Россия жана Казакстан өлкөлөрүнө, жемиштер 1 миң 209 тоннаны түзүп Россия жана Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолду.  Ошондой эле жаңгактар, дан эгиндери, картон коробкалар Россия жана коңшу өлкөлөргө экспорттолду.

Талас областынан 3 миң 084 тонна карантинге алынган продукталар экспорттолду, анын ичинен: буурчак өсүмдүктөрдүн карантинге алынган продукталары – 3 миң 042 тонна Россия, Сербия, Казакстан, Грузия өлкөлөрүнө экспорттолду.

Show More
Back to top button