Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Тамчылатып сугаруу системасынын аянты 13 миң гектардан ашты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Тамчылатып сугаруу системасынын аянты 13 миң гектардан ашты

Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын өнүктүрүү максатында министрлик жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жыл сайын “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин каржылоо”, “Гослизинг”, ошондой эле ЕАӨБ мамлекеттик лизингдик долбоорлору аркылуу жеңилдетилген насыялар 2011-жылдан бери “Айыл Банк” ААК-му аркылуу берилүүдө.  Аталаган долбоорлорго бир топ женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин жана кластердик бирикмелер менен кооперациялоо механизмдери, айыл чарбасына заманбап техникаларды, шаймандарды жана жабдыктарды лизинг аркылуу алуу киргизилген.

Бүгүнкү күндө жалпы тамчылатып сугаруу системасын орноткон жана иштеп аткан чарбакер субъектилердин саны республика боюнча 1004 түздү, жалпы жер аянты 13223 га жерге жетти. Субьекттер боюнча алып караганда:

Чүй облусу – 141 субъект,

Ысык-Көл – 195,

Нарын-38,

Талас-11,

Ош – 131,

Баткен – 148,

Жалал-Абад облусу боюнча 340 субъект.

Жер аянттары боюнча алып караганда:

Чүй облусу боюнча 9460 га,

Ысык-Көл – 1678 га,

Нарын-142 га,

Талас-25 га,

Ош – 452 га,

Баткен – 566 га,

Жалал-Абад облусу боюнча 870 га жерге тамчылатып сугаруу системалары коюлган.

Ар жылы орто эсеп менен 500-2000 га жерге жакын аянтка тамчылатып сугаруу системалары жерлери таштак, сугат суусу жетишпеген жана адыр-кайрак жерлерге орнотулуп жатат. Бул ыкманын негизги максаты Кыргыз Республикасында тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын уюштуруу жана өнүктүрүү жолу менен өлкөнүн калкын коопсуз жана сапаттуу азык – түлүк менен камсыз кылуу, айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жумуш менен камсыздоо, айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү болуп саналат.

Show More
Back to top button