Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кооперация долбоорлорун каржылоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кооперация долбоорлорун каржылоо

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2023-жылдын 25-майында Москва шаарында өткөн жыйынында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер өнөр жай тармагында биргелешкен кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууга финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколуна (мындан ары – Протокол) кол коюлду.

Протокол менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттери тарабынан тармактарда биргелешкен кооперация долбоорлорун тандоонун жана аларды ишке ашырууга финансылык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – Жобо) кабыл алуу каралган.

Бул Жобо менен кызматташтык долбоорлорунун тандоо критерийлери каралат. Долбоорду каржылоонун негизги шарттарынын бири – үч же андан көп ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин долбоорго катышуусу.

Урматтуу тамак-аш өнөр жайынын өкүлдөрү, кимден-ким эл аралык кызматташтык аркылуу өндүрүшүн кеңейтүүгө кызыкдар болсо, Евразия экономикалык бирлиги тарабынан каржылануу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калыңыз.

Ушуга байланыштуу учурда КР Айыл чарба министрлиги үч же андан көп ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин катышуусунда тамак-аш тармагындагы кооперация долбоорлорун кабыл алууда. Толук маалымат алуу үчүн 0557557529 номерине кайрылыңыз.

Show More
Back to top button