Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Агротокойчулук боюнча Rabobank жана AFOKO биргелешкен долбоору тууралуу маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Агротокойчулук боюнча Rabobank жана AFOKO биргелешкен долбоору тууралуу маалымат

Бүгүн, 11-ноябрда Айыл чарба министри А. С. Джаныбековдун AFoCO жана Rabobank токой кызматташтыгынын мүчөсү Айдай Жумашева, көмүртек долбоорунун координатору Чой Сунг Хо баштаган делегация менен жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасы 2022-жылдан бери AFoCO Азиялык токой кызматташтыгынын мүчөсү.      Буга чейин AFoCO менен Рабобанктын командасынын (Нидерландия) Кыргызстандын түштүгүндө агротокойчулук долбоорлорун ишке ашыруу максатында жана потенциалдуу объекттерге талаа сапарлары болуп өттү. 2023-жылдын 4-сентябрында AFoCO менен Rabobank өз ара Борбордук Азиядагы биринчи токой секторунун көмүртек долбоору жөнүндө Меморандумуна кол коюлган.

Pabobank агротокойчулугунун Acorn программасы алыстан зонддоо ыкмаларын колдонуу менен климаттын өзгөрүшүнө каршы инновациялык ыкманы ишке ашыруу менен спутниктен мониторинг жүргүзүүгө, дарактардын өсүшүн жана биомассанын көлөмүн текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Жогоруда аталган кызматташтыктын бардык багыттары Кыргызстанда токой чарбасын өнүктүрүү үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат жана Министрлик тарабынан толугу менен колдоого алынат.

«Министрлик бул багытты өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет жана мындан ары жемиштүү кызматташууга даяр», – деди А.С. Джаныбеков.

Долбоордун негизги максаттары:

– фермерлерди көбүрөөк бак-дарактарды өстүрүүгө жана синирилген көмүртекти Acorn – Rabobankка сатуу менен алардын жашоосун жакшыртууга шыктандыруу;

– агротокойчулуктан түшкөн кирешени диверсификациялоо үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөр жаатында фермерлердин потенциалын жогорулатуу;

– азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн өз алдынча бак-дарактарды өстүргөн үй-бүлөлүк фермерлерди жана агротокой жамааттарын колдоо үчүн мыйзам базасын камсыз кылуу.

Бул республика боюнча кеминде 2000 га аянтка өсүмдүк катмарын көбөйтүүгө багытталган гранттык долбоор. Биринчи кезекте мамлекеттик токой фондусунун ижарачыларына тосмолорду орнотуу, ирригация, жер семирткичтер, көчөттөр түрүндө жардам көрсөтүү пландаштырылууда. Бак-дарактарды отургузууда жана андан ары ийгиликтүү өсүүгө ушул негизги көйгөйлөр жана муктаждыктар талаа сапарларында аныкталды. Долбоордун командасы Кочкор-Ата жана Тоскоол-Ата токой чарбалардын аймагындагы потенциалдуу участоктор менен таанышты. Ошондой эле Достук жана Бел- Алды аймактарынын буга чейин Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын токой ресурстарын интеграцияланып башкаруу” долбоорунун колдоосу менен көчөт отургузуу иштери жүргүзүлгөн участоктор көрсөтүлдү.

Бул долбоордо ар бир участогу GPS менен аныкталат жана дарактардын өсүшү спутниктен көзөмөлдөнөт. Участоктор бир ижарачыда 0,1 гектардан 10 гектарга чейин болушу керек. Өндүрүлгөн кычкылтектин көлөмү Rabobank тарабынан эсептелинет, анын 20% банк эсебине жана 80% фермердин эсебине чегерилет. Долбоорго катышкан фермерлер агротокойчулуктун алдыңкы ыкмаларын колдонуу менен кирешелерин көбөйтүүнү жана асылдуулугу төмөн жерлерди натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат.

Show More
Back to top button