Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
БУУнун ФАОнун Кыргызстандагы командасына – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

БУУнун ФАОнун Кыргызстандагы командасына

Урматтуу кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жамааты ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү, агроөнөр жай комплексинин эффективдүү менеджери, белгилүү эл аралык эксперт Аднан Курешинин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Аднан Курешинин каза болушу баарыбыз үчүн чоң жоготуу болду. Бул жогорку билимдүү, ар тараптуу инсанды, чыгаан адисти жоготуу айыл чарба тармагы үчүн оор болду. Ал өлкөбүздүн айыл-чарбасын өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого зор салым кошуу максатында мекенинен алыс жайгашкан Кыргызстанга келген. Аднан Куреши жакшы дос жана өнөктөш, кеңешчи жана кесиптеш болгон. Анын демилгеси, чын ыкластуулугу, даярдыгы бизге дайыма жардам берип келген.

Биз Аднан Курешинин үй-бүлөсү, достору жана кесиптештери менен бирге кайгыруудабыз.

Жаркын элеси эч качан унутулбайт…

Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков

Show More
Back to top button