Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Тянь-Шань Форель” ЖЧКсында мыйзам бузуулар аныкталды. Иштин материалдары сот органдарына жөнөтүлдү, – КР АЧМ – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Ветеринардык кызматЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Тянь-Шань Форель” ЖЧКсында мыйзам бузуулар аныкталды. Иштин материалдары сот органдарына жөнөтүлдү, – КР АЧМ





2022-жылдын 8-августунан 10-августуна чейин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматы тарабынан, Д.А. Алашеванын арызынын негизинде. “Тянь-Шань Форель” ЖЧКсынын (Панфилов районунун Вознесеновка айылы) ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык ченемдерин жана талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүү боюнча 3 (үч) мыйзам бузуулар аныкталды жана 15 күндүк мөөнөткө (25.08.2022-жылга чейин) Жазма буйрук (Предписание) берилди.

2022-жылдын 19-августунан 23-августуна чейин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин Жазма буйругунун (Предписание) негизинде, “Тянь-Шань Форель” ЖЧКсын (Чүй обл., Панфилов району, Курамин а/а, Жарла-Кайыңды дарыясындагы башкы суу алуу курулмасын (ЖКК)) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматы  тарабынан жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, суу мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу боюнча 6 (алты) факты аныкталып, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 23.09.2022-жылга чейин Жазма буйрук (Предписание) берилди.

2022-жылдын 3-августтунда Таш-Көмүр суу сактагычынын акваториясынын участогуна баруу менен ведомстволор аралык топ «Тянь-Шань Форел» ЖЧКсынын 11.01.2019-ж. келишимдик милдеттенмелеринин аткарылышына мониторинг жүргүздү. Акваториянын участогун кароонун жыйынтыгы боюнча участоктун максатсыз пайдаланылышы, келишимдик милдеттенмелердин жана келишимдин предметинин аткарылбагандыгы аныкталды, бул жөнүндө кароо актысы түзүлдү. Иштин материалдары сот органдарына токтотууга жөнөтүлдү.

Show More
Back to top button