Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада импорттун көлөмү 15 миң 361 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада импорттун көлөмү 15 миң 361 тоннаны түздү

2023-жылдын 25-августунан 1-сентябрга карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 15 миң 361 тоннаны түздү.

1. Чүй облусуна 10 миң 607 тонна айыл чарба продукциялары импорттолгон, 159 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы түзүлгөн. Башка продукцияларга салыштырмалуу Чүй облусуна 3493 тонна дан эгиндери (буудай, арпа, күрүч) Россия, Пакистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келген. 

2. Ош облусуна 2 миң 915 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 265 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Ушул жумада Ош облусуна башка продукцияларга салыштырмалуу бакча өсүмдүктөрү (дарбыз-14,2 тн, коон-1110,6 тн)-1125 тонна Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

3. Баткен облусуна 916 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 52 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу жемиштер-689 тонна, коон, дарбыз-169 тонна Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

4. Жалал-Абад облусуна 777 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 16 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу коон-459 тонна (Өзбекстан), буудайдын кебеги-232 тонна (Россия) өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

5. Талас облусуна 145 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 3 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Талас облусуна: ун-140 тонна, коон-5 тонна Казакстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Show More
Back to top button