Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Фермерлер үчүн айыл чарба министрлиги жакшы шарт түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Фермерлер үчүн айыл чарба министрлиги жакшы шарт түздү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча мамлекеттик асыл тукум “ЭЛИТА” станциясында суюк азот чыгаруучу заводу ачылды. 

Иш чарага министрдин орун басары И.Марсбек уулу, министрликтин тиешелүү өкүлдөрү, ветеринарлар катышты.

Завод мал чарбасын асылдандырууга, сандан сапатка өткөрүүгө жакшы шарт түзөт. Министрлик сырттан эт, сүт багытында букаларды жана  кочкорлорду сатып келип уруктарын республиканын аймактарына жайылтууну пландоодо. Мындан сырткары таза кандуу кыргыз жылкысын көбөйтүүнү колго алат.

“ЭЛИТА” станциясында суюк азот чыгаруучу заводу Чүй,Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарын камсыздай алат. Мындай завод Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айылына да куруу иштери башталды.

Кошумча маалымат:

  Бул завод 1 саатта 20 л суюк азотун бөлуп чыгарат. Күнүнө 400 л ашык союк азот иштеп чыгат. Суюк азоту жасалма жол менен уруктандыруу ыкмасына пайдаланылат. Мындайча айтканда суюк азот бука, кочкор жана башка малдардын уруктугун сактап берет.  Суюк азотту  – 176 градустан, -196 градуска чейин кармайт.

Show More
Back to top button