Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада экспорттун көлөмү 3 миң 544 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада экспорттун көлөмү 3 миң 544 тоннаны түздү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 1-7-сентябрына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 3 миң 544 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Ош облусунан 1 миң 724 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, 98 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан 615 тонна кургатылган жемиштер Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Талас облусунан 639 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, 109 фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан 79,6 тонна томат Казакстанга, 277 тоннаболгар калемпири (Россия, Казакстан) 145 тонна шабдаалы (Казакстан), 66 тонна буурчак өсүмдүктөрү (Грузия, Иран, Турция) өлкөлөрүнө экспорттолгон.

3. Чүй облусунан 614 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 230 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан 375 тонна жемиштер Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.  

4. Баткен облусунан 367 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, 15 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан: 146 тонна алма, 106 тонна картошка Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

5. Ысык-Көл облусунан 131 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, 10 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан 131 тонна жашылчалар Казакстан, Россия, Афганистан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

6. Жалал-Абад облусунан 69 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, 15 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан 18,7 тонна кургатылган алма (Германия), 17,7 тонна каперс (Турция), 22 тонна сарымсак (Ирак) өлкөлөрүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button