Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Евразиялык интеграциянын символдору” долбооруна сынак жарыяланды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Евразиялык интеграциянын символдору” долбооруна сынак жарыяланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги “Евразиялык интеграциянын символдору” биргелешкен ири масштабдуу жогорку технологиялык жана гуманитардык долбоорлордун сынагына (мындан ары – сынак) табыштамаларды чогултуу жөнүндө маалымдайт.

Максаты: Жаңы, технологиялык жактан өнүккөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин бир нече мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашыруулучу долбоорлорду издөө.

Катышуучулар: коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар, жеке адамдар.

Сынакка долбоорлоо, концепция ошондой эле ишке ашыруу баскычындагы долбоорлор катыша алат.

Өтүнмө 2024-жылдын 19-февралынан 30-апрелине чейин сынактын расмий сайтында https://eurasiasymbols.asi.ru дареги боюнча берилсе болот.

Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар 2024-жылдын экинчи кварталынын аягында Евразия экономикалык форумунун алкагында өткөрүлөт.

Номинациялардын арасында “айыл чарба”, “биотехнология”, “гендик инженерия” багыттары бар.

Суроолор боюнча Бийбосунова Бермет Маратовнага + 996 312 66 12 33 телефону аркылуу байланышса болот.

Show More
Back to top button