Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«Кыргыз Республикасында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча интеллектуалдык системаны түзүү аркылуу жаныбарлардан алынган азыктарынын коопсуздугун жогорулатуу» – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Ветеринардык кызматЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Кыргыз Республикасында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча интеллектуалдык системаны түзүү аркылуу жаныбарлардан алынган азыктарынын коопсуздугун жогорулатуу»

2022-жылдын 9-августунда КР Айыл чарба министри А.С. Джаныбековдун, Корея Республикасынын КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ, КР Айыл чарба министринин орун басары М.К. Байдылдаевдин, Министрликке караштуу Ветеринардык кызматтын директору А.Б. Жусупов жана Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин директору Ли Джонгсу жана анын орун басары Джи Юнгындын катышуусунда КР Айыл чарба министрлигинин жана Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин ( мындан ары – KOICA Агенттиги) ортосундагы «Кыргыз Республикасында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча интеллектуалдык системаны түзүү аркылуу жаныбарлардан алынган азыктарынын коопсуздугун жогорулатуу» долбоору боюнча талкулоонун Протоколуна кол коюу аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарада министр А.С. Джаныбеков Кыргыз Республикасынын    аткаруу бийлик органдары Корея Республикасы менен жемиштүү кызматташып жаткандыгын белгилеп, атап айтканда, KOICA Агенттиги менен жүрүп жаткан активдүү кызматташууну белгиледи. Министр KOICA Агенттиги аркылуу органикалык     айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү, токой чарбасы, жер ресурстары боюнча бир катар биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын билдирди.

Ошондой эле, КР Айыл чарба министринин орун басары М.К. Байдылдаев 2021-жылы КР Айыл чарба министрлигинин түзүмүнүн кеңейтилгендигине байланыштуу KOICA Агенттиги менен Министрликтин ортосундагы кызматташтык активдешип жатканын белгилеп, жалпы суммасы 26, 741млн. АКШ долларын түзгөн айыл чарба, токой чарбасы, региондук өнүктүрүү жана органикалык айыл чарба жаатында долбоорлор ишке ашырылганын жана учурда ишке ашырылып жаткандыгын билдирди.

Мындан сырткары, Министр жогоруда аталган ветеринария жаатындагы   долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, бул Протоколго кол коюу менен жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, КР экспорттук потенциалын жогорулатууга түрткү берерин, ошондой эле лабораториялык потенциалды түзүү, жаныбарлардын ден соолугун чыңдоо жана республиканын аймагын инфекциядан, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын жайылышынан коргоо мүмкүнчүлүгүн алып келе турганлыгын белгиледи.

Show More
Back to top button