Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Германиядан Кыргызстанга айыл чарба техникалары келет – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Германиядан Кыргызстанга айыл чарба техникалары келет

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбаны кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов, “Айыл Банк” ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев, Лизинг башкармалыгынын башчысы Урмат Акматов, “РСК Банк” ААК жана “МТС К.О. Стандарт Агросервис” компаниясынын өкүлдөрүнөн турган Кыргызстандын делегациясы иш-сапары менен Германияга барды.
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин катышуусундагы делегация Айыл чарба коммуналдык техникасын ири өндүрүүчү болуп саналган AMAZONE компаниясынын имердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Айыл Банк” ААК, «МТС К.О. Стандарт Агросервис» жана AMAZONEN-WERKE H. DREYER SE & Co компаниясынын ортосунда техника жеткирүү боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду. Келишим Германиядан Кыргызстанга айыл чарба техникаларын алып келүүгө багытталган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда айыл чарба техникасынын паркын жаңылоо боюнча иштер жүрүп жатат жана бул багытта кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жигердүү иштер алып барылууда.
AMAZONE компаниясы 1883-жылы негизделген жана техниканы сатууга гана эмес, анын маанилүү бөлүгү дыйкандарды жаңы технологиялар менен иштөөгө, ошондой эле техниканы тейлөөгө үйрөтүү болуп саналат.08:51

Show More
Back to top button