Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын импорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын импорту

2023-жылдын 12-18-май айына карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 18 миң 125 тоннаны түздү.

1. Чүй облусуна 7 миң 590,9 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана ушул импорттолуп келген продукцияларга 148 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы түзүлгөн. Башка продукцияларга салыштырмалуу дан эгиндери – 1263,2 тонна Россия, Пакистан өлкөлөрүнөн, көчөттөр – 19500 даана Өзбекстан, Италия, Турция өлкөлөрүнөн, ошондой эле 128964 даана гүл Турция, Кения, Эквадор өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

2. Ошоблусуна 7 миң 391 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана 989 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу көбүрөөк жашылчалар 3415 тонна Өзбекстан, Иран, Түркменистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

3. Баткен облусуна 2 миң 038 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 113 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу, көбүрөөк мөмө жемиштер 1303 тонна Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген, ошондой эле көчөттөр 3980 даана Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

4. Нарын облусуна 610,4 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана жана 24 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу көбүрөөк жаңгактар 387 тонна Кытай мамлекетинен импорттолуп келген.

5. Жалал-Абад облусуна 310,4 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 9 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Айыл чарба продукцияларынан жашылчалар (пияз, сабиз) 247,4 тонна Өзбекстан өлкөсүнөн өлкөсүнөн импорттолуп келген.

6.  Талас облусуна 184 тонна импорттолуп келген жана 5 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Ун 184 тонна Казакстан өлкөсүнөн жана токой (лес) 39 м3 Россия өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Show More
Back to top button