Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын экспорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын экспорту

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 12-18-май айына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 10 миң 191,5 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттун көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 7 миң 048,5 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң 451 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Бул жумада Чүй облусунан жашылчалар 2813,4 тоннаны түзгөн жана Россия, Казакстан, Польша, Украина өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Ош облусунан 2 миң 356 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң 134 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Бул жумада Ош облусунан мөмө жемиштер 818 тоннаны түзүп, Россия өлкөсүнө экспорттолгон.

3. Талас облуснан 381 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 32 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Бул жумада Талас областынан буурчак өсүмдүктөрү 582,6 тоннаны түзүп, Россия, Сербия, Иран, Болгария, Турция Казакстан, Грузия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4.  Жалал-Абад облусунан 213,6 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 15 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Бул жумада Жалал-Абад облусунан кургатылган жемиштер 79,2 тоннаны түзүп Германия, Турция өлкөлөрүнө экспорттолгон.

5.  Баткен облусунан 166 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 9 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Бул жумада Баткен облусунан жемиштер 91 тоннаны түзүп Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 26,3 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик  зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 8 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Бул жумада Ысык-Көл облусунан 47 даана көчөт Казакстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button