Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
БУУнун токойлор боюнча форумунун 18-сессиясы өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

БУУнун токойлор боюнча форумунун 18-сессиясы өттү

2023-жылдын 8-майынан 12-майына чейин АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен улуттар уюмунун токойлор боюнча форумунун (БУУнун Форуму) 18-сессиясы өтүп, иш-чарага эл аралык уюмдар, токойлор боюнча биргелешкен өнөктөштүктөр жана коомдук уюмдардан 400гө жакын катышуучулар катышты.

БУУнун форумунун сессиясында 2017-2030-жылдарга БУУнун токойлор боюнча стратегиялык планын ишке ашыруу жана 2024-жылы токойлор боюнча эл аралык механизмди орто мөөнөттүү кароого даярдоо процесси боюнча техникалык талкуулар өттү.

Ошондой эле, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан 2025-жылы токой ресурстарын Глобалдык баалоо жүргүзүлөт.

БУУнун форуму ошондой эле токой чарбасын каржылоо үчүн көмүртек рынокторунун потенциалы боюнча атайын презентацияны угуп, талкуулады жана өлкөлөрдү көмүртек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрдү көбүрөөк пайдаланууну сунуштады.

Катышуунун жүрүшүндө ФАО, БУУнун ЕЭК, Түркия, Өзбекстан ж.б. өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар өттү.

БУУнун форумуна Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директору Алмаз Мусаев катышты.

Show More
Back to top button