Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан 4-квартал аралыгында тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү болгон 1568 ишкердик субъект текшерилүүдө. Бүгүнкү күндө анын ичинен 956сы текшерилди. Натыйжада, ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбаган 135 субъекттиге 902 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 3-кварталында 1100 субъект текшерилип, анын ичинен 128 субъектиге 883 миң сом айып пул салынган.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы №76 Жарлыгынына өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү субъекттерди текшергенге уруксат берилген.