Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ошто мыйзамсыз берилип кеткен 16 миллион 335 миң сомдук жер мамлекетке кайтарылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ошто мыйзамсыз берилип кеткен 16 миллион 335 миң сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаарынын жана Ош аймактар аралык башкармалыгынын доо-арызын Ош шаардык соту канааттандырды. Ага ылайык, 16 миллион 335 миң сомго бааланган жерди мамлекетке кайтаруу чечими 2024-жылдын 22-ноябрында чыкты.
Тактап айтканда, жеке менчикке өтүп кеткен Курманжан-Датка көчөсүндөгү шаардык оорукананын аймагында жайгашкан мурдагы терапиялык бөлүмдүн имаратын жана алдындагы 726 чарчы метр жер тилкеси Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.

Show More
Back to top button