Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз балы 2025-жылдын башында Евробиримдиктин реестрине киргизилиши күтүлүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз балы 2025-жылдын башында Евробиримдиктин реестрине киргизилиши күтүлүүдө

Кыргыз балы 2025-жылдын башында Евробиримдиктин реестрине киргизилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Дороги Сандор, ошондой эле айыл чарба тармагындагы венгр компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз балын Европа Биримдигине экспорттоого байланышкан маселелер, ошондой эле балдагы заттардын калдыктарына мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү маселелери талкууланды. Даярдалган мониторинг планы Европа комиссиясынын саламаттыкты сактоо жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча башкы директорлугуна жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында Европадан Кыргызстанга асыл тукум малдарын алып келүү маселелери талкууланды. Венгрия компаниялары менен мындан ары кызматташуу жөнүндө макулдашууларга жетишилди жана жолугушуу конструктивдүү, достук маанайда өттү.

Show More
Back to top button