Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кочкор районунда айыл чарба азыктарынын көргөзмөсү уюштурулду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кочкор районунда айыл чарба азыктарынын көргөзмөсү уюштурулду

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында райондун айыл өкмөттөрү тарабынан айыл чарба продукцияларынын, тактап айтканда эт, сүт азыктары жана жашылча жемиштердин көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, асыл тукум кой, жылкы жана ири мүйүздүү малдардын жана 2024-жылы лизинг аркылуу алынган жаңы 14 айыл чарба техникалары көрсөтүлдү.

Иш чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы катышты.

Анда Кочкор районунда айыл чарба тармагында аткарылып жаткан иш аракеттердин маалыматы берилди.

Мындан тышкары иш чарада айыл чарба кластерлерин өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын соода өнөр жай палатасынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнөн сүт, мөмө жемиш кластерлерин өнүктүрүү боюнча “Агробизнестин атаандаштыка жөндөмдүүлүк борборунун” айыл чарба жана кепилдик фондунун ишмердүүлүгү жана айыл чарбасын каржылоо боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Иш чаранын соңунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкери тарабынан бир катар сыйлыктар тапшырылды.

Show More
Back to top button