Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дыйкан-фермелерди жана кызыкдар тараптарды тейлөө борбору ачылды. Борбор Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен ишке кирди.
Бул жерде дыйкан-фермерлер министрликтин тажрыйбалуу адистеринен, “Айыл банк”, “Элдик банк” өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине тиешелүү жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал жерде айыл чарбасындагы тажрыйбалуу адистер жарандарды жекеме жеке кабыл алып, кеңеш берет. Каракол шаарындагы дыйкан-фермелерди тейлөө борборунун ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматты 0708-574 046 телефон номери аркылуу сурап билүүгө болот.
Белгилей кетсек, ушундай эле тейлөө борборлору учурда Бишкек шаарындагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин башкы имаратында, Кара-Суу жана Сузак райондорунда ишке кирген.
Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.