Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мамлекеттик органдардын материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” иштеп жатат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Мамлекеттик органдардын материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” иштеп жатат

2024-жылдын сентябрь айынан баштап Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААК банктарынан башка жаңы “Мамлекеттик лизинг компаниясы” иштеп жатат.
Мамлекеттик лизинг компаниясы өзүнө мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мамлекеттик органдардын материалдык техникалык базасын чыңдоо жана негизги каражаттарды жаңыртуу, толуктоо максатында төмөндөгү айыл чарба, өнөр жай, транспорт, энергетика жана башка багыттарын камтыйт.
Ошондой эле, компания мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга лизингге айыл чарба техникаларын жана жабдууларын женилдетилген шарттарда, баштапкы салым 10%, мөөнөтү 7 жылга чейин, айыл чарба техникаларына 6% пайыздык үстөк чен, ал эми айыл чарба техникаларынан башка бардык техникалары үчүн 11% пайыздык чен менен берүүдө.
Белгилей кетсек, лизингди төлөөдө атайын жеңилдиктер да каралган. Мындан сырткары лизинг компаниясы мамлекеттик ишканаларды да техникалар менен камсыздайт.
Лизингдин шарттары боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү дарекке кайрылып толук маалымат алсаңыздар болот: Бишкек шаары, Раззакова көчөсү, 17, e-mail: info@slc.kg., байланыш телефондору (996) 700 497413, (550) 319222.

Show More
Back to top button