Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Каракол шаарында дыйкан-фермерлерди тейлөө борбору ачылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Каракол шаарында дыйкан-фермерлерди тейлөө борбору ачылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дыйкан-фермелерди жана кызыкдар тараптарды тейлөө борбору ачылды. Борбор Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен ишке кирди.

Бул жерде дыйкан-фермерлер министрликтин тажрыйбалуу адистеринен, “Айыл банк”, “Элдик банк” өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине тиешелүү жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал жерде айыл чарбасындагы тажрыйбалуу адистер жарандарды жекеме жеке кабыл алып, кеңеш берет. Каракол шаарындагы дыйкан-фермелерди тейлөө борборунун ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматты 0708-574 046 телефон номери аркылуу сурап билүүгө болот.

Белгилей кетсек, ушундай эле тейлөө борборлору учурда Бишкек шаарындагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин башкы имаратында, Кара-Суу жана Сузак райондорунда ишке кирген.
Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.

Show More
Back to top button