Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Климаттын өзгөрүү шартында айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоор иштелип чыгат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Климаттын өзгөрүү шартында айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоор иштелип чыгат

Кечээ, 5 — ноябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеевдин Жашыл климаттык фондунун өкүлдөрү,  Фонддун аймактык менеджери Максим Сурков жана Фонддун директорунун орун басары Кундуз Масылканова менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун максаты жаңы долбоордун концепциясын талкуулоо болду. Анда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана анын кесепеттерине, атап айтканда суу ресурстарын жана айыл чарба тармагын башкарууга ыңгайлашууга багытталган долбоордун негизги милдеттери жана максаттары ачыкка чыкты.

Тараптар климаттын өзгөрүшүнүн кургакчылык, мөңгүлөрдүн азайышы жана жаан-чачын режиминин өзгөрүшү сыяктуу терс таасирин сезип жаткан суу ресурстарын башкаруудагы көйгөйлөрдү талкуулашты. Буга чейин окшош долбоорлорду ишке ашырган жана климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жакшырта алган башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү мисалдары келтирилди.

Жыйынтыгында жолугушуу климаттык өзгөрүүлөрдүн шарттарында суу ресурстарын жана айыл чарба тармагын башкарууга туруктуу мамилени түзүүгө багытталган долбоордун концепциясын өзгөртүүгө карай маанилүү кадам болду. Катышуучулар пикир алмашып, KOICA үчүн долбоордук табыштаманы даярдоого багытталган иш-аракеттердин алдын ала планын иштеп чыгышты.

Show More
Back to top button