Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Органик ЭКСПО 2024”: Борбордук Азияда 2025-2028-жылдарга аймактык «жол картасы» иштелип чыкты

Бүгүн, 2024-жылдын 21-сентябрында, Чүй облусунун Байтик айылындагы «ЭкоФерма» фермердик чарбасынын аймагында «Органик ЭКСПО 2024» Борбордук Азия аймактык форумунун экинчи күнү жыйынтыкталды. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Монголия жана Орусиянын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун максаты – Борбордук Азияда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча 2025-2028-жылдарга карата «жол картасын» түзүү болду.

Форумдун экинчи күнү ишкер калыпта өтүп, органикалык кыймылды колдоо стратегияларын иштеп чыгуу үчүн эксперттерди, ишкерлерди жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Күндүн негизги темаларынын бири – Кыргызстанда органикалык айыл чарба жерлерин кеңейтүүнүн зарылдыгы болду, учурда бул жерлер өлкөдөгү жалпы айдоо аянтынын 5 гана пайызын түзөт.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба Жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев:

“Форум органикалык азыкты өндүрүүчүлөрдү эле эмес, керектөөчүлөрдү да бириктирип жатат. Бизде 800 000 гектар айдоо жери бар, анын болгону 5% гана органикалык дыйканчылыкка бөлүнгөн. Бул көрсөткүчтү кыйла жогорулатууга умтулушубуз керек.” – деп билдирди.

Форумдун катышуучулары фермердик чарбанын аймагында алма жана алмурут терүү иштерине катышып, андан кийин заманбап агрардык технологияларды талкуулашты.

Форумдун жыйынтыгы эстафетаны 2025-жылы кийинки форумду Алматыда өткөрүү үчүн Казакстанга символикалык түрдө өткөрүп берүү менен аяктады.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттер планын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы жана Жогорку Кеңеш уюштурушту. Иш-чараны ЕККУнун Программалык кеңсеси, GIZ тарабынан каржыланган жана BMZ, “Айыл Банк”, “Элдик Банк”, ЕБ, Швейцария өкмөтү тарабынан кошо каржыланган «Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгү, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ЕБ, Нидерланддар өкмөтү, Ага Хан өнүктүрүү уюму (АКДН) жана башка уюмдар колдошту.

Show More
Back to top button