Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ысык-Көл районунда селден жабыркаган объектилер калыбына келтирилүүдө  – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ысык-Көл районунда селден жабыркаган объектилер калыбына келтирилүүдө 

Ысык-Көл районунда катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селдерден келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү боюнча Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан үзгүлтүксүз жумуштар алып барылууда.

Тактап айтканда, Садыр аке айыл аймагындагы “Кумбель” чарба аралык каналынын 9700м аралыгына кум шагыл толуп калган, учурда атайын техника тартылып шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылып, 7200м аралыгы тазаланып, иштер уланууда. Ошол эле айыл өкмөтүндө жайгашкан “2-Западный”, “3-Восточный” каналдары жабыркап, калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады.

Ал эми, Абдрахман айыл аймагында жайгашкан башкармалыктын карамагындагы “5-Восточный”, “2-Восточный”, 2-Западный” каналдары райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шилендилерди тазалоо жумуштары аткарылып, аягына чыгып, сугат суу  берилүүдө. Башкармалыкка тиешелүү 6 канал, 1 гидропост жабыркаган. Жалпысынан 10650м аралыктагы канал арыктарга кум-шагыл, шилендилер толуп, бүгүнкү күндө 8150м аралыгы тазаланып, кабылына келтирүү иштери уланууда.

Show More
Back to top button