Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрлик Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембилик өткөрдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 21-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембиликке катышты.


Министрликтин жалпы кызматкерлери ишембиликте бөлүнүп берилген аймактар тазаланып, таштандылар чыгарылды.


Мындан сырткары, министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери, аймактардагы башкармалыктардын адистердин катышуусунда ишембилик өткөрүлдү.


Бул ишембиликтин максаты таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын жайылтуу жана калктын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле, таштандыларды сорттоо жана келечек муундар үчүн экологиялык таза жашоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруу.


Эске салсак, 2022-жылдан бери президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда күз жана жаз айларында белгиленүүчү Улуттук тазалык күнүн киргизүү тууралуу жарлыгы күчүнө кирген.

Show More
Back to top button